Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Чаткал дарыясына агып кеткен 37 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-июль күнү саат 15:30 чамасында Чаткал районунун Ак-Таш айылынын Исфара участкасындагы агып өткөн Чаткал дарыясынын ортосундагы аралчанын батыш тарабынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.
Кийин белгилүү болгондой, ал 19-июнь күнү саат 01:00дөр чамасында Чаткал дарыясына агып кеткен Аксы районунун Ак-Жол айылынын тургуну экендиги такталган.