Бүгүн эртең менен Ош облусунда жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн таңкы саат 06:15 чамасында катталган. Анын күчү очогунда 4,5 баллга жеткен. Ал эми Алай районунун Нура айылында 4 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.