"Мага жана тергөөчүгө кыздай болуп кийинген балдар кол салып, камераны талкалашты" дейт журналист Карачач Шакирова

Журналист Карачач Шакировага жана тергөөчүгө кызча кийинген балдар кол салышканын бүгүн, 3-августта SUPER.KG`ге журналист өзү билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуя Патрулдук милиция кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн рейд учурунда болгон.

"Кечээ, 2-августта таңкы саат 5:00дөр чамасында Бишкек шаарынын тургундары коңшулары тынчтык бербей жатышканын айтып милицияга кайрылышкан. Аталган дарек боюнча барганыбызда бизге эшикти кыздардай кийинип алган эркек адам ачты. Ал чыгып эле милиция кызматкерлерин сөгүп, кол салды. Кийин ызы-чуу салгандарды тынчтандырып жатканда дагы бир кызча кийинген бала келип, милиция кызматкерлери менен жаңжалдашып, аларды оозго алгыс сөздөр менен сөгө баштады. Мен камераны алып чыгып тарта баштасам, бири мени таш менен башка чаап, бири камерамды талкалап салды. Андан соң алар милиция кызматкерлерине жабылып кол салышты. Ызы-чуу салгандардын саны 7-8 болчу, 1 милиция кызматкерине экиден туура келип жатты", - дейт Карачач Шакирова.

Жыйынтыгында, журналист эле эмес тергөөчү кыздын да башына таш тийип жаракат алганын, милиция кызматкерлеринин кийимдери айрылып, көмөкчү топ келип анан гана аларды тынчтандырышканын айтты.

Андан сырткары ал учурда Бишкек шаарындагы №4-ооруканада алган жаракатынан улам дарыланып жатканын, аталган иш боюнча арыз жазганын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
RusMos76
2017-08-03 11:10:30
онбогондордун эмне кылганы
+2
Syn4y
2017-08-03 11:15:45
ozdorun piar kylyp atywat da, koboiolu dep
+10
nurik-95
2017-08-03 11:25:01
бул дагы элдин көңүлүн бөлүү үчүн бир оюнуда элди алаксытуу өздөрүнүн сасык саясаты
-6
Shakek
2017-08-03 11:28:39
Тажатыго ушул кызтекелер
+5
Hadyja
2017-08-03 12:06:31
Кудай Сактасын!Кыз сымал эркектер эл алдында эле байкуш болуп,жакшы муноздуу боло беришет.
Чындыгында ичтерине жин кирип кеткен сымал.Жинденишсе ушинтип гелесоо болушат.Кыргызстандын мыйзамында кыйратаарлык жаза жок ушуларга,педофилдерге,озун саткандарга.
Депутаттарга айла жок экен.
+8
Anucha
2017-08-03 13:52:18
Hadyja, Hadyja,гелесоо келесоо,гелдим келдим,гечинде кечинде деп окуткан эмеспи?Кобойуп кетти ушундай жазгылачы.Туура тушун кыргыз боорум
+4
Hadyja
2017-08-04 01:38:42
Anucha,макул
0
Atas
2017-08-03 12:07:03
Azyrky zamanda uyat moda bolup kaldy , bir jambashtyn aiynan Kyrgyzstandyn jashtary 12 ,13 jashynan buzulup atat jooptu adamdar kontroldoboi
-3
Mers124
2017-08-03 12:18:13
Карачач Шакирова каяктын журналисти экен. Жапаров камалгандан кийин соц басымды басыш учун чыгарбаптырбы. Ошолорду твга чыгарса кандай болот
+2
aerforce
2017-08-03 12:51:35
Баарын ХХХХ башка мамлекетке кууп чыгарып салыш керек ХХХХ аябай кобойду ушулар жакында уйлонобуз деп чыгышат алланын жаратканына ыраазы болбогон ХХХХ эки дуйнодо тозокто журушот
+3
admin_superstan
2017-08-03 14:57:48
aerforce, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
sonisoni
2017-08-03 13:00:39
Сасык саясаттын кылган.Буларга келсек,соз жок жазасын Жаратканым берсин.
+1
Aitunuk
2017-08-04 01:55:08
sonisoni, гейлерге "сасык саясаттын" кандай тиешеси бар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан