Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында жол кырсыгы катталып, бир нече адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 3-августта саат 11:50 чамасында болгон.
"Эл ташыган маршруттук такси менен Мазда үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Катуу соккудан улам кичи автобус оодарылып кеткен. Анын ичиндеги 12 адамдын көпчүлүгү денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Арасында жаш балдар да бар. Ал эми жеңил унаанын ичиндеги 6 адам дагы жабыркаган", - деп билдирди окуянын күбөсү.