Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылындагы жол кырсыгында 9 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кызыл-Өрүк айылындагы жол кырсыгына жалпы 18 адам кабылган. Алардын ичинен 9 адам аймактык ооруканага жеткирилди. Жабыркагандардын арасында 6 жаш бала болгон. Кичи автобустун ичиндегилер Өзбекстандан келген бийчилер экен. Учурда ким, кандай деңгээлде жаракат алганы такталууда. Каза болгондор жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн саат 11:50 чамасында болуп, анда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн.