Жыл башынан бери өлкө аймагында өрт кырсыктарынан улам 39 адам каза болду

Жыл башынан бери өлкө аймагында өрт кырсыктарынан улам 39 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 7 айдын ичинде өлкө аймагында 1852 өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 263 миллион сом материалдык чыгым келтирилген.

"Өрт кырсыктарынан 39 адам көз жумган. Ошондой эле 19 адам денесинен ар кандай деңгээлдеги күйүктөрдү алышкан. Өрт кырсыктарынын келип чыгышына көп учурда отко этиятсыз мамиле кылуу, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болууда. Өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарына жана Бишкек шаарына туура келет", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан