Райкан Төлөгөновдун сотунда эки күбө көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Мародёрчулукка айыпталып жаткан мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун сотунда эки күбө көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу сот Марат Сыдыков соттук отурумдун жүрүшүндө билдирди.

Күбөлөр Дастан Оморов жана Азамат Шергазиев "сотко барып көргөзмө бергибиз келбейт" дешип баш тартып коюшкан. Сот кийинки отурумга аларды мажбурлап алып келүүнү тапшырды.

Бүгүнкү соттук отурумдун жүрүшүндө келбей койгон күбөлөр Оморов менен Шергазиевден сырткары 3 күбө көрсөтмө берип, алардын бири сотто далил катары колдонулуп жаткан 3 сүрөттү Искендер Бакиевдин (Жаныш Бакиевдин уулу) кеңсесинен көргөндүгүн айткан.

Жыйынтыгында Райкан Төлөгөновдун соттук отуруму 9-август күнү улана турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан