Бүгүн, 3-августта Ош облустук соту милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелген Кадырбек Досоновдун ишин карады. Анда облустук сот Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Облустук соттун өкүмү дароо күчүнө киргендиктен Досонов Оштогу №5-СИЗОдон эркиндикке чыкты. Бирок ал башка кылмыш иши боюнча да айыпталып жаткандыктан үй камагында болот.
Буга чейин Кара-Суу райондук соту милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелген Женго каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун ишин карап, актаган.
Кадырбек Досонов Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (кылмыштуу топту уюштуруу), 30-241-беренеси (курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү), 30-97-беренеси (уюшуп алып, кызматтык милдетин аткарып жаткан адамды мыкаачылык менен өлтүрүү) жана 30-340-беренеси (уюшуп алып укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү) менен айыпталып жаткан.
Айта кетсек, 2013-жылдын 11-январында Шоноевди белгисиз адамдар үйүнө келе жатканда атып кетишкен.
"Шоноевдин өлүмүнө катышкан" деген айып тагылып К.Сайдиев, А.Аскарбек уулу жана Т.Жапарбаев өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле У.Молдошев 20 жылга, ал эми С.Айтбай уулу, Н.Таджибаев жана Э.Эсенов 10 жылга кесилишкен.
Ал эми Кадырбек Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип, 2015-жылдын 16-апрелинде кармалган.