Токмоктогу көлмөдөн 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, анын өлүмүнө шектүү катары бир тууган агасы кармалды

Токмоктогу көлмөдөн 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, анын өлүмүнө шектүү катары бир тууган агасы кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй ОИИББинин басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуя 1-август күнү Бишкек шаарынын четиндеги Ала-Тоо жаңы конушунда орун алып, жансыз дене 2-август күнү саат 10:00дөр чамасында Токмок шаарындагы көлмөдөн табылган.

"Шектүү катары 1984-жылы туулган Ш.А. кармалды. Ал иниси менен уруша кетип, аны таяк менен башка катуу чаап, байлап алып сабаган. Ошол учурда иниси алган жаракатынан улам көз жумган. Инисин өлтүрүп алганын көрүп Нарынга ата-энесине алып барам деп жансыз денени унаасына салып алып жолго чыккан. Бирок жолдон кайра ойлонуп Токмоктогу балык баккан көлмөгө таштап салган", - дейт Нурбек Токтосунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2017-08-04 12:54:35
Gulum91, AIZAD, этика нормаларын сактаңыздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан