Ысык-Көлгө жашы жете элек кызды ээрчитип кеткен жигит табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"Экспертизанын жыйынтыгы боюнча 14 жаштагы өспүрүм кыздын эч кандай жабыр тартпаганы жана кыздык абийири бузулбаганы аныкталды. Учурда жаш кызды көлгө ээрчитип кеткен 1998-жылы туулган жигит издөөдө жүрөт. Балким, анын келиши же кармалышы менен бул иш кыскартылышы мүмкүн. Буга экспертизанын жыйынтыгы негиз боло алат", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 10-июлунда 14 жаштагы кызынын дайынсыз жоголгонун айткан аял милицияга кайрылган. 22-июлда изделип жаткан кыз табылып, ал 19 жаштагы жигит менен Ысык-Көлгө кетип калганы аныкталган. Андан соң өспүрүм кызды көлгө ээрчитип кеткен 1998-жылы туулган жигитке издөө жарыяланган болчу.