Бүгүн, 3-августта Өзгөндөгү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы бөлүмүнө саат 21:45те Муминов көчөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
"Муминов көчөсүндө учурда 1 турак үй өрттөнүп жатат. Аны өчүрүү үчүн 3 өрт өчүрүүчүлөр тобу унаалары менен тартылышты. Азырынча өрт курчоого алына элек", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова.
Эскерте кетсек, окурман Өзгөндө 2 дүкөн, 1 үй өрттөнүп жатканы тууралуу "Элдик кабарга" кабарлаган.