Жети-Өгүз районунда "10 жашар балага ыплас аракеттерди кылган" деп шектелген жаран кармалды

Жети-Өгүз районунда "10 жашар балага ыплас аракеттерди кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2-август күнү саат 21:00 чамасында болгон.

"Ошол күнү баланын атасы айылдашы 26 жаштагы Майрамбекти жер сугарганга чакырган. Болжол менен саат 21:00 чамасында үйгө келе жатканда унаасынын дөңгөлөгү жарылып, аны оңдогонго айылга кетет. Ошол маалда Майрамбек айылдашынын үйүнө келип "атасына тиешелүү резина ѳтүгүн алып алсын" деген шылтоо менен 10 жашар баланы энесинен сурап, үйүнѳн чакырып чыгат. Андан соң ээн жерде балага күч колдонуп, ыплас иштерин жасап жатканда баласын издеген апасынын үнү угулат. Ошол учурда Майрамбек ыплас аракеттерин токтотуп, качып кеткен. Жаш ѳспүрүм бала энесин кѳздѳй чуркап, болгон окуяны айтып берген. Бул фактыны териштирүү мезгилинде жаш өспүрүмдүн ата-энеси арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок Жети-Ѳгүз РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер жаш адамдарга карата жасалганда) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми кылмышка шектүү К. уулу Майрамбек райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жабырлануучунун денесиндеги жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деди Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mr.ulan89
2017-08-04 07:56:43
Тобоо заман не болуп жатат ушундай педофилдерге катуурак чара корулсо жакшы болмок окмот бийликти эле ойлонот карапайым элди ойлогон киши жок педофилдерди бычып же элдик сот кылып таш баранга алыш керек ошондо калгандары ойлонуп мындай ишке барбайт эле
+10
engel
2017-08-04 08:20:26
mr.ulan89, кайдаан,окмот азыр шайлоо менен бири бирин соттогондон бошобой жатат. Не до народа!!!
+3
Eleko
2017-08-04 08:20:10
Мойну узулсун ылайым!Казакстанда келерки жылдан баштап педофилдерди кастрация кылууга кол коюлуптур,бизде да ошол маселе боюнча срочно ойлонушса экен депутаттар.
+7
nurgazy82
2017-08-04 11:16:33
Ирандагы окуяны кайтолоого убакыт келди
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан