Балыкчыда окуучу сабалды. Бирок анын апасы "эч кимге доом жок" деп арыз жазуудан баш тартты

Балыкчы шаарында жаш өспүрүмдүн сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2-август күнү саат 20:30 чамасында Балыкчы шаарында болгон. Анда 10-класстын окуучусу 16 жаштагы И.Алмаз көлдөн үйүнө кайтып келе жаткан кезде Мерседес үлгүсүндөгү унаадан 3 бала түшүп, аны эч себепсиз ур-токмокко алышкан. Бирок мектеп окуучусунун апасы милицияга арыз жазуудан баш тартып, "эч кимге доом жок" деп кол коюп берген.

"Ага карабай Балыкчы ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүү адамдардын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат Ысык-Көл ОИИБинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан