Дубайда дүйнөдөгү эң бийик турак үйлөрдүн биринде өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазышты.
Маалыматка караганда, өрт 4-августка караган түнү 79 кабаттуу "The Torch" турак үйүндө чыккан. Тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөр тарабынан өчүрүлүп, анда жашаган адамдар эвакуацияланган. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Полиция кызматкерлеринин айтымында, өрт көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан чыгып, жогорку кабатка жайылган.
Айта кетсек, 2015-жылы да ушул имаратта өрт чыгып, 7 адам түтүнгө ууланган болчу.