Өзгөндө эки турак үйдүн жана дүкөндүн чатыры толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт 3-август күнү саат 21:45 чамасында Рахимов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн чыккан. Жалындаган тилсиз жоо эки турак үйгө да тутанган. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, түнкү саат 12ге жакын толук өчүрүлгөн.
Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.
Айта кетсек, окурман Өзгөндө 2 дүкөн, 1 үй өрттөнүп жатканы тууралуу "Элдик кабарга" кабарлаган.