Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Александр Кимдин иши боюнча сот отуруму өтүүдө. Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучунун жактоочусу Сергей Воронцов Александр Рябушкин менен аялынын көрсөтмөсү коёндой окшош экенин айтты.
"Александр Рябушкин менен аялынын көрсөтмөлөрү бири-бирине коёндой окшош. Сүйлөмдөр эле эмес үтүр, чекитине чейин бирдей, жадакалса аты-жөнүндөгү каталары да бирдей", - деди жактоочу.
Ошондой эле ал Александр Рябушкин аялы экөө мурда даярдалган көрсөтмөгө эле кол коюп бергенин жана иште бир нече мыйзам бузуулар орун алганын айтты.
Буга тергөөчү Арзыбек Жакишев: "Мен алар кандай көрсөтмө берсе мен ошондой жазгам. Демек, экөө тең окшош көрсөтмө беришкен. Ал эми тергөө ишиндеги тексттердин түшүнүксүз жерлери менин сүйлөмдөрдү начар түзгөндүгүмдөн улам болсо керек", - деген жообун узатты.
Айта кетсек, "Вечерный Бишкек" басылмасынын мурдагы жетекчиси Александр Ким кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланып ишкананын акчасын мыйзамсыз короткон деп айыпталып жатат.