Ала-Бука районунда суу сактагычка чөгүп кеткен тургундун жансыз денеси табылды

Ала-Бука районунда суу сактагычка чөгүп кеткен тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"3-август күнү саат 20:00 чамасында Өрүктү айыл аймагындагы Орто-Токой суу сактагычына 1979-жылы туулган Э.Шнын чөгүп кеткендиги жөнүндө маалымат ички иштер кызматкерлери тарабынан келип түшкөн. Издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышып, сууга чөккөн жарандын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2017-08-05 00:01:48
Аябай жакшы киши эле,питерден Кыргызстанга кеткен эс алганы,..угушума караганда 2адамды куткарып бирок озу чогуп кетиптир кайран киши, боорукер адам жайы жаннатта болсун Кудайдан тилейли,аты Шакир эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан