Ош шаарында тойканадан өрт чыгып аны менен кошо 2 турак жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-август күнү саат 23:45те Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан тойканадан өрт чыгып, анын натыйжасында тойкана менен кошо жанындагы 2 турак жай да толугу менен күйүп кеткен. Окуя болгон жерге барган ӨКМнын кызматкерлери өрттү түнкү саат 00:15те чектөөгө алышып, саат 01:50дө толугу менен өчүрүшкөн.
Ошондой эле аталган маалыматта өрттөн эч ким жабыр тартпагандыгы, учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана канча чыгым келтирилгени такталып жатканы айтылат.