Бишкек шаарынын Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жыгач тилген жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Көк-Жар айылынын Карагул Акмат көчөсүндө өрт чыккандыгы тууралуу кабар 5-августка караган түнү саат 02:00дөр чамасында келип түшкөн. Өрттү ӨКМнын кызматкерлери таңга маал саат 06:00дөр чамасында толук өчүрүшкөн. Натыйжада 450 чарчы метр аянтты ээлеген жыгач тилген жай толугу менен күйүп кеткен.
Ошондой эле аталган маалыматта андан сырткары 14 даана устачылык станоктор жана 20 метр куб жыгач күйгөнү, учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылат.