Якутиянын Мирный шаарындагы алмаз кени казылган шахтаны суу каптап, 9 кенчи дайынсыз болууда. Кырсык кечээ, 4-августта болгонун чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, шахтага суу сактагычтагы 270 миң куб/метр суу каптап кирген. Бул учурда кен казуучу жайда 151 жумушчу иштеп жаткан.
Куткаруучулар шахтага клеть (шахтадагы көтөргүч машина) түшүрүшүп, 142 кенчини сактап калган. Окуя болгондон бери 9 жумушчуну издөө улантылууда.
Дни.Ру маалымат сайты Life.ru маалыматтык порталына шилтеме берүү менен дайынсыз болуп жаткан жумушчулардын аты-жөнүн жарыялады:
1. Мирзаев
2. Миронцев
3. Куликов
4. Неустроев
5. Власенко
6. Гуляев
7. Степанов
8. Марьин
9. Мисник