Японияда кубаттуу шамалдан 11 миңдей үй-бүлө жарыксыз калды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Японияда тайфун жүрүп, жамгыр менен коштолгон. Куюндун ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 30 метрге, ал эми башка аймактарда секундасына 35-50 метрге жеткен. Тайфундун багыты түндүк-чыгыш тарапты көздөй акырындык менен жылууда.
"Жылып жаткан куюндун багыты өзгөрбөсө, анын таасири Токиого чейин жетери күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Кагосима шаарында жана Амамиосима аралында тайфун жакындагандыгына байланыштуу 81 аба каттамы токтотулган.