Ысык-Көл облусунда үч жол кырсыгы катталып, алардын биринде айдоочу каза болду

Ысык-Көл облусунда үч жол кырсыгы катталып, алардын биринде айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-август күнү түшкө маал Ак-Суу районунда Митсубиси Галант үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, натыйжада унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден көз жумган. Унаанын ичиндеги эки адам болсо ооруканага жеткирилген.

"Ошол эле убакта Каракол-Балыкчы унаа жолунун 105-чакырымында Жигули менен Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Ал эми 6-августтан 7-августка караган түнү Жети-Өгүз районунда Фольксваген Гольф 2, BMW Х5 жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tatynam_88
2017-08-07 09:32:13
Унаанын айдоочу....урматтуулар шашпай жазсанар деле суперден окуп алабыз
0
meku89
2017-08-07 09:58:53
Айдоочулар сураныч сиздерден!!! Этияттык менен айдап шашпай жургулочу, канчалаган адамдардын омуру менен ойнобой. Сактансан сактайм дейт Кудай дагы! Сак болгулачы айланайындар!!!
+2
Azamatisatoroev
2017-08-07 10:31:22
жол кырсыгы качан азаят кундо ушул тема болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан