Чоң Чүй каналында белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 6-август күнү эртең менен Чүй районунун Дөң-Алыш айылындагы Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын сууга агып бара жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштерине куткаруучулар чыгышып, саат 08:15те жашы 40-45 чамасындагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Табылган жансыз дене ошол эле күнү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.