Бүгүн, 7-августта Бишкектеги ботаникалык бакта өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт тууралуу маалымат саат 15:30 чамасында келип түшкөн.
"Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүүчү унаа барып, саат 16:49да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 1 гектар куураган чөп күйгөн. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.
Ботаникалык бакта иштеген кызматкерлердин айтымында, бүгүнкү өрттү кимдир бирөө атайын кылган болушу мүмкүн. Себеби өрт бир эле учурда үч жерде тутанган.
Айта кетсек, 2-август күнү да ботаникалык бакта өрт чыгып, анын кесепетинен 6 гектар куураган чөп күйүп кеткен. Анда өрттүн келип чыгуусуна алдын ала божомол боюнча тургундардын от менен болгон этиятсыздыгы себеп болгону айтылган.