Ошто "аялын сабап өлтүрдү" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-август күнү саат 18:55 чамасында милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Исанов көчөсүндөгү үйдө аялдын жансыз денеси табылганы айтылган.
"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, маркумдун 1978-жылы туулган О.Н. экени аныкталган. Алгачкы иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү 1973-жылы туулган Н.Н. кармалды. Ошол күнү ал аялы менен бирге үйүнөн анча алыс эмес жердеги эс алуучу жайдагы бассейнге барышып, спирт ичимдигин ичишкен. Андан соң экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал аялын сабап салган. Катуу жабыркаган аялы үйүнө келип каза болгон. Азыркы тапта шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду", - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.