Жалал-Абад облусунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-августка караган түнү саат 01:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 487-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 3 адам каза болуп, 4 адам Шамалды-Сай шаарындагы ооруканага жеткирилген. Күйүүчү май ташыган унаадан бензин агып, кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери жол кырсыгы катталган жерди курчоого алып турушкан", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Айта кетсек, 20-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык катталып, 8 адам каза болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.