Ысык-Көл облусунда дагы эки жол кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кечээ, 7-август күнү саат 17:05 чамасында Тоң районунун Кажы-Сай айылында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. Унаанын ичинде 1983-жылы туулган айдоочу аял жана анын 2012-жылы туулган баласы болгон. Бактыга жараша, алар эч кандай жаракат алышкан эмес.

Ал эми саат 23:48 чамасында ошол эле райондун Кара-Коо жана Бар-Булак айылдарынын ортосунда эки жеңил унаа сүзүшкөн. Эки унаанын ичиндеги сегиз жүргүнчү эч кандай жаракат алышкан эмес.

Айта кетсек, 6-август күнү Ысык-Көл облусунда 3 жол кырсыгы катталып, алардын биринде айдоочу каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан