Бишкек-Ош жолунда Хонда Степвагондун катышуусундагы кырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү белгилүү болду

7-августтан 8-августка караган түнү Бишкек-Ош унаа жолунун 487-чакырымында оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, анын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 3 адам каза болгон. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, каза болуп жана жабыркагандардын баары Лейлек районунун Тогуз-Булак айылынын тургундары болушкан.

Каза болгондор:

1. 1978-жылы туулган С.А. (эркек киши);

2. 1974-жылы туулган Н.А. (аял киши);

3. 2014-жылы туулган А.Н. (эркек бала);

Жабыркагандар:

1. 1948-жылы туулган М.М. (эркек киши);

2. 1930-жылы туулган А.Г. (аял киши);

3. 1965-жылы туулган Б.Г. (аял киши).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
BarsBaatyr
2017-08-08 12:08:46
Таксисттерди срочно текшерууго алыш керек.Кырылып калмай болдук го
+7
momun74
2017-08-08 12:20:10
Аллахым сабыр берсин ушу Ош Бишкек жолун 2004 жылдагыдай кылып салыш керек окшойт айдоочулар жол тандаап шашпаай айдашат беле 2014жылкы бала 3жашта ширин маалы жашоого тойбой кете берди
+7
grace
2017-08-08 12:55:58
Кыргыз элим этият болгулачы.
+5
bakulya2015
2017-08-08 13:10:52
Эх жаткан жерлери жайлуу болсун,байкуштар жолго чыгып олушун ким билсин э. Акырын айдайлычы куноосу жокторда жашоо менен кош айтышып жатат. Ушул степ деген машинада коп болушат тооба кылдым кандайжыр бир тыю салуу керек окшойт ажал келсе олобуз бирок чын эле ушу степ анан хонда дегендер каттуу айдаш.
+3
Patriot...kg
2017-08-08 13:31:17
Ушул маселени чечпеген 120 ХХХХ куноолуу. Давноо эле он рульду машиналарга чектоо коюш керек болчу.
+4
admin_superstan
2017-08-08 14:32:18
Patriot...kg, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
-1
Teke4444
2017-08-08 13:32:16
Жаткан жери жайлуу болсун. Жердештерим экен.
+2
jbolotov
2017-08-08 15:12:03
Жанынданы жургунчуго рульду беруу туура эмесда, ал адамда балким тажырыйба жок же мээ жок болушу мумкун эле, кее бир адамдар рульга отурса бутту мээси иштебей колунан келишинче катуу айдайт
+3
Leilek-razzakov
2017-08-08 16:00:05
Жердештеримго. Жаткан жери жайлуу болсун, жакындарына сабыр берсин.
+1
ainura220888
2017-08-08 17:10:45
Ушу стептер озу олло каттуу кетет. Водительдери жан талашып айдайт барар жерине 5минута кеч жетсе олчудой болуп.мына канча адамдын омурун алыптыр.
+1
Perizat
2017-08-08 18:30:27
Бул жерде айдоочуларды дагы куноолоого болбойт.Кырсык каш-кабактын ортосунда дейт.Бул да болсо кудайдын берген буйругу,тагдыр.Айдоочу кайдан билсин мындай болушун, аттин 3 жаштан баласы экоо бул дуйно менен кош айтышып кете берди.Айылга чон атасынын жаназасына к еле жатышкан экен.Аллах рахмат кылсан,бейишинен орун берсин.Жакындарына Аллах сабыр берсин!!!
0
Perizat
2017-08-08 18:34:35
Уй-булосуно чон жоготуу болду,дагы бир уулунун,жабыркагандардын сакайып кетишини Аллахтан тилейбиз.Ар кандай кырсык балээден ар пендени Аллахым озу сактасын!!!
+1
mirlan_86
2017-08-08 19:30:23
Степвагонго чыкпай эле койгулачы канчалаган адамдардын омурун кыйып жатат ушул машина
+1
kenjebek_a
2017-08-08 23:43:25
Он рулдуу машиналарды баарын орттоп жок кылат элем эгер бийликте болсом.
+1
Aziyat
2017-08-09 04:54:23
Дагы Степвагонбу? Жакында эле 8 адам,мунусунда 3 адам..эхх...шашпай акырын айдпшса жакшы болот эле
0
aydarken
2017-08-09 09:22:02
Кудайым озу сактасында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан