Ысык-Көл облусунда "7 жаштагы жээнине сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 7-август күнү түшкө маал Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында болгон. Анда 1981-жылы туулган жарандын 7 жаштагы эркек балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери жергиликтүү тургундар тарабынан байкалып, милицияга кабарланган.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Чүй облусунун тургунун кармашкан.
Азыркы тапта Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Кылмышка шектүү ошол учурда мас абалда болгон. Баланын ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөндүктөн 7 жаштагы жээни анын колунда экен", - деп билдирди Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.