Таласта уурулукка шектелип эже-сиңдилер кармалды

Талас облусунда уурулукка шектелген бир тууган үч аял кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева маалымдады.

"Талас ШИИБине шаардын борбордук базарында иштеген соодагерлер акча, буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу арыз жазышкан. Иликтөө маалында базардагылардын мобилдик телефондору, баалуу буюмдары, акчалары уурдалгандыгы аныкталды. Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында уурулукка шектелип Талас районуна караштуу Талды-Булак айылынын тургундары кармалды. Алар 1971-жылы туулган Г.А, 1976-жылы туулган М.А жана 1979-жылы туулган М.А аттуу бир тууган эже-сиңдилер. Буларга Г.Анын 21 жаштагы уулу да жардам берген. Бүгүнкү күндө алар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышкан, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 85 000 сомду түзөт. Кармалгандарга тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-08 12:54:15
м.а г.а
+1
Kanat.tls
2017-08-08 14:26:06
А.Б.В.Г.Д.Е.Ж.З! Кызыгы жок. Уурдагандардын аты жөнүн толук жазса болмок!
+3
chika010596
2017-08-08 15:32:16
Чынында кылмышкерлердин сүрөттөрүн, аты-жөнүн жазып койсоңуздар жакшы болмок. Кылган ишинен уялышы керек, алардын жүзүн жашыруудан пайда жок. Өзбекистандын передачаларында бардык кылмышкерлер ачык айкын көрсөтүлөт, эл үчүн дагы сактык болот.
+2
jbolotov
2017-08-08 22:25:27
Мм мындай уурулук кунуно толтура болсо керек, андан коро миллиондорду жеди деп иштен кеткен президентике коюп аткандарды иликтеп корсонор болот эле СИ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан