Кытайдын Сычуань провинциясында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен 7 адамдын каза болгону жана 160тан ашык адамдын жабыркаганы тастыкталган.
Ал эми Кытайдын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук комиссиясы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 100дөн, ал эми кыйраган үйлөрдүн саны 130 миңден ашышы мүмкүн экенин айтышууда. Азыркы тапта издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
Жер титирөөдөн улам Цзючжайгоу уездинин улуттук паркындагы мейманкана да жабыркаган. Ал жакка күнүнө миңдеген туристтер келип турушчу.
Айта кетсек, жер титирөө кечээ, 8-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:19да болгон. Анын күчү очогунда 7 баллга жеткен.