Кадыр Маликовго кол салгандардын экинчиси 18 жылга эркинен ажыратылды

Теолог Кадыр Маликовго кол салгандардын экинчиси Ырыскул Бейшеналиев 18 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү өкүмдү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 22-июнда чыгарган. Ага ылайык, Бейшеналиев Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренеси "кылмыш далалаты" жана 294-беренеси "мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу" боюнча күнөөлүү деп табылган.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 27-ноябрында теолог Кадыр Маликовго кол салуу болуп, кылмышка Ырыскул Бейшеналиев менен Алибек Тилек уулу шектелген. Булар Түркиядан кармалып, Алибек Тилек уулу 2016-жылдын 19-мартында, Ырыскул Бейшеналиев болсо 2017-жылдын март айында Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Алибек Тилек уулун күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, 20 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Syn4y
2017-08-09 10:08:03
jaman koopton beriptir go, adam olturgonsup
-1
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-09 14:23:58
эмне ге кол салганын да жазып койбопсуздарда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан