Сузак районунда эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду

Сузак районунда эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 9-августка караган түнү аталган райондун Беш-Бала айылынын Гагарин көчөсүндө болгон. Анда Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаа менен Хундай Кари үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.

Каза болгон жана жабыркаган адамдар Жалал-Абад шаардык ооруканасына менчик унаалар менен жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
momun74
2017-08-09 10:33:24
Аллахым тынчтык берсин жанылыкка кирерде коркуп кирип калдыкго
+2
arimle00
2017-08-09 10:36:11
Сузак районунун Жалгыз Жангак айылынын тургундары алтоо тең. Эми гана 20 жаштагы балдар болчу. Жайы жаннаттан болсун(((
0
madina.87
2017-08-09 10:37:36
Аааиииий ушулардын арасында менин бир тууган болом да бар экен.((((((((((((((Кырсык экен жалгыз уул болчу....
Иииийй
0
arimle00
2017-08-09 10:39:10
madina.87,медербекпи. Иий аябай жакшыы,эстуу
Бала болчу. Бейишин берсин. Турк лицейде
Тарбиячы болуп иштеп журду эле(((
+1
madina.87
2017-08-09 11:07:41
arimle00,ообааа аябай акылдуу бала болчу
0
madina.87
2017-08-09 10:39:02
Ооо Аллах сабыр бере кор ата-энесине.Бейишинди гана тилейбиз эми...((((((((
0
Akyl78.1501
2017-08-09 10:49:44
ГАИ иштегендер күнөөлүү праваны сатат 6000 сомдон правиланы билбейт эч ким окуган эмес. Кыргызстанда 99 % элдер сатып алган. Ушу балдардын өмүрүнө ким жооп берет.
0
Nurdinova
2017-08-09 11:01:39
Аллахым жаткан жерин жайлуу кылсын менин бөлөм жаш эле
+1
madina.87
2017-08-09 11:21:30
Nurdinova,Сенин болон ким эле?
0
Nurdinova
2017-08-09 11:51:41
madina.87,
Бекжан
0
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-09 12:27:17
Аллах оз мээримине ал куноолорун кечирип бейиш бактарынан насип ет амииин!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан