Жактоочу Райкан Төлөгөновдун сотунда үчүнчү жолу катчы алмашканын айтты

Бугүн, 9-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө айыпталуучунун жактоочусу Сартбай Жайчибеков үчүнчү жолу катчы алмашканын айтты.

"Катчынын улам-улам алмашканы соттук иликтөөлөргө таасир бериши мүмкүн. Эгер ишти кемчиликсиз аткара алса менин каршылыгым жок. Бирок катчынын иши өтө жооптуу иш. Ушуну менен үчүнчү жолу катчы алмашууда. Бул саясий иш болгондуктан баары так болушу керек", - деди жактоочу.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан