Чоң Чүй каналына агып кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-август күнү Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында 1983-жылы туулган эркек киши Чоң Чүй каналына түшүп жатып, агып кеткен.
"Сууга агып кеткен жарандын жансыз денеси 8-август күнү жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.