Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында болгон. Анда Субару үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 3 адам жабыркап, "Тез жардам" кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген.
Айта кетсек, акыркы эки айда Ысык-Көл облусунда 100дөн ашык жол кырсыгы катталып, 22 адам каза болгон. Кырсыктардын саны өткөн жылга караганда өскөн.