Райкан Төлөгөновдун сотунда төрт күбө суралды

Бүгүн, 9-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө күбө Мирбек Бабалиев 2010-жылдын 7-апрель күнү кечинде Райкан Төлөгөнов жана Абдулла Юсупов баш болгон адамдар менен бирге шаар ичинде бир нече дарекке барышканын айтты.

2010-жылы 7-апрелде таксист болуп иштеп жүргөм. Кечки саат 6-7лер чамасында Дастан деген таанышым Фрунзе жана Эркиндик көчөсүнүн кесилишине чакырды. Ал жерден унаама Дастан менен дагы 2 адам отурду. Дастан мага "башка автоунаалар да келет ошолорду ээрчип айдаңыз" деди. Чогулган машиналар баш-аягы 5-6 болду. Алгач Бөкөнбаев көчөсүндөгү медициналык колледждин жанына, резиденцияга, "Шампан" комбинатына, Жогорку Кеңешке жана Борбордук мечиттин жанына бардык. Бардык жерге бир сааттан токтоп жаттык. Борбордук мечиттин жанындагы бир үйгө бардык. Башка унаадагылар короонун ичине чуркап кирип кетишти. Алардын арасында Абдулла Юсупов менен Райкан Төлөгөновду да көргөм", - деди күбө.

Ошондой эле ал аны менен жогорудагы дарекке барган адамдар чоң көлөмдүү нерсе алып чыгышпаганын, болгону сувенир сыяктуу майда нерселерди алып чыгышканын кошумчалады.

Ал эми Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурумда күбө катары суралган Танагүл Жоробаева айыпталуучуну мурда көрбөгөнүн айтты.

"Райкан Төлөгөновду мурда көргөн эмесмин. Абдулла Юсуповду жакшы тааныйм. Анын Муса Төлөгөнов менен байланышып жүргөнүн билчүмүн. Бирок мен Абдулланы жакшы тааныган адам катары ага эч качан ишенгенге болбойт деп айтат элем, анткени ал ар дайым калп айтат", - деди Жоробаева.

Бүгүнкү соттук отурумда булардан сырткары дагы эки күбө суралды.

Кийинки соттук отурум 10-августка жылдырылды.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан