Орусияда Өзбекстандын 15 жараны бара жаткан кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:35 чамасында Оренбург облусундагы Нижняя Павловка-Холодные Ключи трассасында болгон. Анда Шевроле Ланос үлгүсүндөгү машина каршы тилкеге чыгып, Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус менен сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчү каза болгон. Ал эми кичи автобустун ичинде Өзбекстандын 15 жараны болгон. Эч ким оор жаракат алган эмес. Алардын документин текшере келгенде Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүшкөнү аныкталган. Миграциялык режимди бузганы үчүн баарына протокол түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми айрымдар жол кырсыгына кабылган кичи автобустун ичиндегилер Кыргыз жарандары экенин жазышкан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги маалымат такталып жатканын билдиришти.