Түркиянын Кастамону шаарында Кыргыз жаранын унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Түркиянын басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кастамону шаарынын түндүк тарабында велосипед менен бара жаткан 21 жаштагы Нурсултан Төлөнбай уулу аттуу Кыргыз жаранын унаа cүзүп кеткен.
Ошондой эле аталган маалыматта жол кырсыгынан жабыр тарткан Кыргыз жаранынын жакынкы ооруканага жеткирилгени, учурда анын абалы туруктуу экени айтылат.