Кара-Көл шаарында айдоочу 2 килограммдан ашык маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогул районунун 38 жаштагы Ж.Ө. аттуу тургуну башкарып бара жаткан Тойота Виндом үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 2 кара баштыкка оролгон ак түстөгү зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 2 килограмм 90 граммды түзгөн заттын героин экени аныкталган.
"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жарандар Жалал-Абад ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.