Шаардык сот "президенттин аброюна шек келтирди" деп "Заноза" сайтын 6 миллион сом айыпка жыгуу чечимин күчүндө калтырды

Бүгүн,17-августта Бишкек шаардык сотунда "президенттин аброюна шек келтирди" деп Октябрь райондук соту тарабынан 6 миллион сом доого жыгылган журналист Нарын Айыптын (3 миллион сом) жана "Заноза" сайтынын (3 миллион сом) апелляциялык арызы каралды.

Отурумда журналисттин "Миллионы от президента: За чей счет банкет на самом деле?" деген темада жазган макаласынын айланасында кайрадан териштирүү жүрдү. Нарын Айып райондук соттун чечимин жокко чыгарууну суранса, Башкы прокуратуранын өкүлү Руслан Абдырахман чечимди күчүндө калтырууну өтүндү.

Андан соң тараптар жарыш сөзгө өткөндө Нарын Айып: "Макалада Алмазбек Атамбаев Жазуучулар союзунда иштеп жүрүп, кантип миллионер болгондугу, ошондой эле союзга Москвадан бөлүнгөн 50 миллион рубль акчанын дайыны чыкпай калгандыгы айтылат. Бул пикирлер Аскар Акаевдин интервьюсунан алынган", - деп айтты.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу журналисттин жазган макаласында президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирген сөздөр бар экендиги мамлекеттик соттук экспертизанын корутундусунда белгиленгенин айтты.

Эки тарапты угуп бүткөн соң сот Бермет Толубаева чечим чыгаруу үчүн тыныгуу жарыялап, кеңешме бөлмөсүнө кеткен. Сот залына кайтып келгенден кийин ал райондук соттун чечимин күчүндө калтырган чечимди окуду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Snejana
2017-08-17 18:23:55
А.А.Ш.чектен ашып тайрандады го, арты жакшылык менен бутсо экен.
0
chika010596
2017-08-18 13:04:27
Жакшы кылышат, бөлөк мамлекетте президентке сын тагылса өлтүрүп салышат изин билдирбей. Биздикилер кыйла боштук кылып жатат. Өзүн көрсөткүсү келген президент давно тынчытмак мындайларды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан