Орусияда 36 жаштагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

14-август күнү Орусиянын Ленинград облусунун Тосненск районунда 1981-жылы туулган А.А. аттуу Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, маркумдун жансыз денесин кароо учурунда анын киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган эмес.

"Учурда бул иш боюнча материалдар текшерилүүдө. Каза болгон жарандын жакын туугандарын табуу жана жансыз денени Кыргыз жерине жөнөтүү маселеси каралып жатат", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
janna9286
2017-08-17 18:23:03
Жайы жанттан болсун!
+5
Ma9
2017-08-17 19:12:14
Аты жонун айтып койсонор балким бул жанылыкты кошунасы тууганы окууп калар эле оной эле табып алат эленер
+6
Ma9
2017-08-17 19:12:42
Жаткан жери жанаттан болсун
+4
grace
2017-08-17 19:17:32
Күн сайын кыргыз өлдү Орусиядан деп кабар... Кечээ 21 жаштагы бала өлдү, бүгүн бул боорубуз. Ким күнөөлүү ушуга, ким жооп берет... Ыйладым эле келди... Кудайым бардыр жемкорлорго элди тентитип,ушундай күнгө туш кылган...
+17
AzKumFerDan
2017-08-17 19:37:59
Байкуш кыргызым не кундорго кобылып жатабыз
+9
AIZAD
2017-08-17 19:45:36
Аял же эркек экени белгисиз...
+7
Djal1987
2017-08-18 03:59:05
Тооба эмнеге А А дегенсинер? Дагы издеп жатабыз дейсинер. Толук аты жонун жазып койгулагын. Москвада канча кыргыздар журот мумкун таанышыбыз болбосун.
+2
admin_superstan
2017-08-18 11:30:23
Samat000, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
arzygulR
2017-08-20 03:06:44
Жаткан жери жайлуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан