БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов: "Эркектин балалуу болуп, бак тигип, үй курушу милдет болсо, азыр ага депутат болуу кошулуптур"

Бүгүн БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов саясий партиялар да, ага тиешелүү тараптар да алдыдагы шайлоону таза жана акыйкат, кара пиарсыз өткөрүүгө аракет кылышы керек экенин билдирди. Абдраимов бир катар партиялар эмитен эле утула турганын сезип, айрымдары алдын ала эле "шайлоо таза өтпөйт" деген жыйынтык чыгарып алышканын айтты. БШК жетекчиси ошондой эле шайлоого карата айрым жерлерде акча таратыла баштаганы тууралуу маалыматтар бар экенин, эгер ошондой учурлар болсо, БШКга кабарлап коюш керектигин, андайга сөзсүз чара көрүлөрүн билдирди. "Мен эл арасынан мынчалык ажиотаж көргөн эмесмин. Жергиликтүү кеңешке өкүлү шайланбай калса, шайлоо токтоп калчудай. Адатта, эркек адам балалуу болуп, бак тигип, үй курууга милдеттүү деп айтылса, азыр ага депутат болуш керек деген пикир кошулуптур",- деди Абдраимов.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан