Бул сапар гезиттин жүзү жана SUPER.KG порталынын түз эфиринин коногу кыргыздын алтын үнү Мирбек Атабеков болду. Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген артисти, "Заманыбыздын супер ырчы мырзасы" болгон Мирбек Атабеков үй-бүлөсүндөгү жагымдуу жаңылыкты биринчилерден болуп бизге кабарларды.
"Жубайым экөөбүз экинчи наристебизди күтүп жатабыз. Кыздуу болсом деп кыялданып жатам", - дейт ал.
Ташкындаган таланты менен элдин сүймөнчүгүнө айланган ырчы мырзанын маегин "Супер-Инфонун” жаңы санынан (№786, 24-ноябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.