“Адаттагы мейманыңардан өзгөчөлөнүп эфирге кыргызча келдим” деп эфирди тамаша менен баштаган куудул жана алпаруучу Назира Жетигенова SUPER.KG порталынын төрүндө болду. Ачык-айрым мүнөзү, тамашалуу жооптору менен эфирди шаңга бөлөп отурду. “Жакында бет түзүлүшүмө пластикалык операция жасатайын деп жатам. Мурдум учтап койгон карандаштай болуп өзүмө жакпай жүрөт”, - дейт ал.
Бет түзүлүшүн өзгөртүүнү пландап жүргөн куудул айымдын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№787, 1-декабрь, 2017-жыл) окуңуз.