Жылдан жылга мелдешке катышкан командалардын саны өсүүдө. Быйыл жалпы 16 команда ат салышты. Көпчүлүк командалардын курамын жаш оюнчулар түзүп, ири эсеп менен жыйынтыкталган оюндар болбой койгон жок. Саны көбөйгөнү менен, командалардын көрсөткөн оюнунун сапаты анчейин эмес. Мелдеш олимпиадалык систем менен өтүп, жеңилген команда мелдештен четтей берди.
Өлкөнүн мыкты улакчылары Нооруз майрамына карата республикалык мелдеште күч сынашты. Беттештердин жүрүшү тууралуу репортажды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№803, 23-март, 2018-жыл) окуй аласыз.