27-март. Бишкек. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион. Кыргызстан-Индия футболдук беттеши. Бул арада “Ак шумкардын” коргоочусу чабуулга аралашып, сол капталдан пас чыгарып берди. Муну 10-номурду кийген чабуулчу дарбазага таамай сокку жаратты. Го-о-о-о-л! Стадиондун диктору менен кошо күйөрмандар Мирлан Мурзаев деп сүрөөнгө алып жатышты.
“Машыгуу сайын балдар бири-бирибизге дем берип, “балдар, чыгалы. Мыкты оюн көрсөтөлү, тарыхка жазылалы” деп сүйлөшчүбүз. Бизге бардык оюн, жеңиш оңой берилген жок, ар бир оюнга өзгөчө даярдандык”, - дейт футболчу.
Кыргыз-Индия беттешинде “Мыкты оюнчу” аталган Мирлан Мурзаевдин маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№805, 6-апрель, 2018-жыл) окуй аласыз.