Бишкектин Ак-Ордо конушунда ташка көмүлгөн кыздын жансыз денеси табылды. Аны сүйлөшкөн жигити өлтүрүп салганбы?

24-мартта Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-2 жаңы конушунда киши колдуу болуп каза тапкан 25-30 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылган. Көп өтпөй анын ким экендиги аныкталып, сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген. Андан соң аны өлтүргөн деп шектелип 25 жаштагы Т.Б. аттуу Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин тургуну кармалды.

“Сөөктү айылга алып келип, 26-мартта жерге бердик. Неберемди өлтүрдү деп шектелип анын сүйлөшүп жүргөн жигити кармалыптыр. Неберем ал жигит тууралуу бизге эч нерсе айткан эмес, жигити бар экенин да билген эмесмин”, - дейт маркумдун таятасы Жаныбек Сооронбаев.

Кылмышка шектүү сүйлөшкөн кызын эмне себептен өлтүрдү? Иликтөө материалды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№805, 6-апрель, 2018-жыл) окуй аласыз.


кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №805-жаңы санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан