Мухаммедамин Алтынбек уулу учурда 12 жашта. Ал төрөлгөндөн тартып веналык мальформация дартынан арыла албай келет. Тили чоңоюп, шишип, оозуна батпай калгандыктан врачтар анын тилинин бир бөлүгүн кесип салышкан. Балага баш-аягы 18 операция жасалган.
“Врачтар уулума дагы 10 операция жасоо керек дешти. Уулум оорусу күчөгөндө уктабай чыгат. Ага жардам бере албаганыма өкүнөм”, - дейт атасы.
Жардамга муктаж мекендешибиздин тагдырын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№806, 13-апрель, 2018-жыл) окуй аласыз.