10-майда борбордогу тойканалардын биринде орун алган Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын үлпөт тою жаштардын сейилдөөсү менен башталды. Эки жаш бир нече унаанын коштоосунда Бишкектин четиндеги эс алуучу жайлардын бирине достору, курбулары менен жөнөштү. Тоо коюнунда, шар аккан суунун боюнда жаштар сүрөткө түшүп, бийлешип, дасторкон үстүндө каалоо-тилектерин айтышты.
Той кечкисин кандай уланды? Сүрөттөр баянын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№811, 18-май, 2018-жыл) окуй аласыз.